Экс-президенттин жансакчысы беш жылга соттолду (видео)

Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов "Азаттыкка" билдирди.

Дамир Мусакеев Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн, коррупцияга жол берген деп айыпталды.

Мусакеевге Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Мунун алдында ага Жазык кодексинин 323-беренесинин («Мыйзамсыз баюу») негизинде иш козголгон. Ага Бишкекте элиталык батирлер, Чүйдө жана Ысык-Көлдө жер тилкелери таандык экени айтылган.

Дамир Мусакеев өзү бул айыптарды «карандай калп» деп четке каккан. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, ал атасы мал, картөшкө, алма сатып тапкан акчасына Бишкектин четинен жер тилкелерин сатып алганы анык экенин ырастаган. Бирок анын баары баласы жогорку кызматка дайындалганга чейинки оокаты экенин, ошол жерлерде кура баштаган тамдар дагы эле бүтпөй турганын айтып берген.

Тандалма батирлер боюнча айыптоо да негизсиз экенин айткан Мусакеев ага карата саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирген:

«"Атамбаевдин жанында ким калса, ага чын жүрөгүнөн кызмат кылса Дамир Мусакеевдикиндей тагдыр күтөт" деп алыстан коркутуу баштады. Бул куугунтук болбогондо эмне? Мен Алмазбек Шаршеновичтин жанында жүрбөсөм мага карата иш да козголбойт болчу. Мен ээлеген кызматты булар текшере берип ал жактагы кагаздар айрылайын деп калды. Мен төрт бир тууганмын. Төртөөбүз тең эр жетип турабыз, кичүү иним 26 жашта. Баарыбыз иштейбиз. Буюмдарымды «Азаттыктын» кабарчысы менен чогуу барып ар бир мыгына чейин санап бергенге даярмын. Ошол эле каймана аты бар миллионер аткаминерлер ошентип көрсөтө алат бекен? Жанагы жарыяланган тизменин арасына мен туулуп-өскөн үйдү да «атасына катталган» деп базар баасы менен эсептеп киргизип коюшуптур. Ал атам өзү салган үй да. Бул таптакыр абсурд!».

Дамир Мусакеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) 2016-2018-жылдары башкарган. Анын айтымында, өзүнө катталган бир да кыймылсыз мүлк жок.

Тыңшоо айыбы

Бүгүн, 24-майда КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын кеңешчиси Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюлганын жарыялаган эле.

«Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсүмүн, «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын жансакчысы Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган тасманы КСДП таратты.

/**/ /**/ /**/
Дагы караңыз

КСДП тыңшоо коюлганын билдирди

Тасмада «"Форумдун" IT кызматкеримин» деген адам УКМКнын кызматкери «экс-президенттин иш бөлмөсүнө орнот» деп бергени айтылган электр улоочу зымдын ичин ачып, андан «тыңшоочу аппаратты» таап чыкканы көрсөтүлгөн.

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары баалаган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары жетектеген Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси бузулуп, экөө бирин бири айыптап келатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


Источник: “https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_musakeev_crime/29961240.html”